Немис ишкери Кыргызстанда чакан ГЭС курууга кызыктар

Немис ишкери Кыргызстанда чакан ГЭС курууга кызыктар

JIA бизнес-ассоциациясынын мүчөлөрү энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча Германиядан келген ишкерлер менен кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган бирикменин басма сөз кызматы билдирди.

Бавариялык ишкерлер менен (В2В) форматындагы акыркы жолугушуунун алкагында немис катышуучуларынын бири энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагына кызыгуу билдирди.

«Ишкер энергиянын кайра жаралуучу булактарына адистешкен, кичи ГЭСтерге жана бул жааттагы долбоорлорду ишке ашырууга кызыгууда. Ал эми JIA ассоциациясына кирген компаниялардын бири Чүй облусунда жайгашкан 6 МВт ГЭСтин башкы планынын долбоорун жана курулушун көрсөттү”, — деп айтылат маалыматта.

Бавариядан келген ишкер менен жемиштүү сүйлөшүүлөр жүрүп, анын жүрүшүндө кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Эки тарап тең экологиялык жоопкерчиликтин жана жакынкы келечекте энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>