Милиция күнүнө карата ИИМде салтанаттуу иш-чара өттү

Милиция күнүнө карата ИИМде салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн, 1-ноябрда ИИМде кыргыз милициясынын күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков, анын орун басарлары, ИИМдин Генералдар кеңешинин төрагасы милициянын генерал-майору Садырбек Дубанаев, ИИМдин  Ардагерлер кеңешинин төрагасы  милициянын отставкадагы полковниги Султанбек Жоошбаев, ошондой эле ардагерлер жана ИИМдин өздүк курамы катышты.

Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгү Кыргызстандын Гимнин аткаруу менен башталды. Андан соң борбордук аппараттын кызматкерлерине жана чакырылган конокторго Кыргыз милициясынын күнүнө арналган слайд-шоу көрсөтүлдү.

Салтанаттуу жыйында Улан Ниязбеков сөз сүйлөп, ИИМдин өздүк курамы жана жеке өзүнүн атынан укук коргоочуларды, аскер кызматкерлерин жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын ардагерлерин кесиптик майрамы — Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 99 жылдыгы менен куттуктады.

«Кылым босогосунда турган Кыргыз милициясынын тарыхында канчалаган окуялар орун алып, эр жүрөк кызматкерлерибиз, тажрыйбалуу ардагерлерибиз нечендеген тарыхый окуяларга күбө болушкан! Улуу инсандарыбыздын баскан даңктуу жолун, алардын иштеген иштерин сапаттуу улантып келе жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери бүгүн да сый урматка татыктуу деп эсептеймин», — деди ички иштер министри.

Андан кийин куттуктоо сөзү ИИМдин Генералдар кеңешинин төрагасы, милициянын генерал-майору Садырбек Дубанаевге берилген.

«Милицияда иштөө дайыма тобокелчилик жана коркунуч менен коштолот. Бул кайраттуулукту, чечкиндүүлүктү жана талыкпаган эмгекти талап кылат. Кызмат өтөө учурунда биздин кызматкерлер эң оор кылмыштар менен күрөшүүгө туура келет. Сиздин эмгегиңиз урматтоого, ыраазычылыкка жана колдоого татыктуу. Сиздер күн сайын өлкөнүн бейпил жашоосун камсыз кылууга чоң салым кошуп келесиздер», — деди Садырбек Дубанаев.

Иш-чаранын жүрүшүндө ички иштер министри кызматтык ишмердүүлүгүндө жогорку кесипкөйлүгүн жана мыкты натыйжаларын көрсөткөн ИИМдин Ички аскерлеринин өзгөчөлөнгөн аскер кызматчыларына жана милиция кызматкерлерине ведомстволук сыйлыктарды тапшырды. Ошондой эле, бир катар милиция кызматкерлерине кезектеги атайын наамдар мөөнөтүнөн мурда ыйгарылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>