Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Өлкөдөгү 13 мал базарга 109 миң сом айып пул салынды
29.08.2023 | 12:48
Кыргызстандагы 13 мал базарга 109 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өлкөдө жалпы 45 мал базар бар. Алардын ичинен 22си ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берет. Талапка жооп бербеген 23 мал базардын ээсине буга чейин райондук ветеринардык башкармалыктар тарабынан көрсөтмөлөр берилген.
“Ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегендиги жана көрсөтмөлөрдү толук аткарбагандыгы үчүн 13 мал базарга 109 миң сом айып пул салынган”, – деп билдиришти министрликтен.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом