Видео: Дагы үч адам 24,9 млн сомдук маңзат менен кармалды

Видео: Дагы үч адам 24,9 млн сомдук маңзат менен кармалды

Үч чет элдик жаран баасы 24 млн 996 миң сомдук маңзат менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалгандар — 20-22 жаштагы чет өлкөлүк жарандар: Ф.А.С., Ж.А.М. жана А.Р.М. Алар эл аралык баңги топтун мүчөлөрү болушат.

Шектүүлөр Чүйдүн Степное айылына жакын жерде Манас» аэропорту — Бишкек унаа жолунда BMW унаасы менен баратканда колго түшүрүлгөн. Алардын жанынан 4 кг 166 грамм болгон «мефедрон» синтетикалык баңгизаты табылып алынган. Аталган маңзаттын 1 граммынын көмүскө базардагы баасы 6 миң сомду түзөт. Ал эми 4 кг 166 грамм баңгизат 24 млн 996 миң сомду чапчыйт.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Синтетикалык баңгизаттарды сатуу, таратуу иштерине жаштар тартылып жаткандыктан, УКМК ата-энелерге кайрылып, балдарына көзөмөл кылып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырат.

Мыйзамга ылайык, мындай кылмыштар үчүн жарандар 14 жаштан тарта мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылдан 15 жылга чейин эркиндигинен ажыратылат.

Эскерте кетсек, 28-августта ИИМ Кыргызстандын үч жараны 25 млн 850 миң сомдук маңзат менен кармалганын кабарлаган.

Видео: 25,8 млн сомдук маңзат менен 3 адам кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>