Бул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
Өлкөдөгү 400 мектептин окуучуларына дагы деле ысык тамак бериле элек
30.06.2022 | 12:22
Өлкөдөгү 400 мектептин окуучуларына ысык тамак берилбейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
Анын айтымында, ысык тамак ашканасы бар билим берүү мекемелеринде гана берилет.
«Биз авариялык абалдагы 245 мектепте, ашар жолу менен курулган дагы 400 мектепте тамактанууну уюштура элекпиз. 1775 мектепте тамактануу бар, анда ашкана, ашкана жабдуулары, ысык жана муздак суу бар», – деди ал.
Надира Жусупбекова башкармалык ашпозчулардын эмгек акысын гана төлөп жатканын, ал эми жергиликтүү бийлик тарабынан ашкана жабдыктары менен камсыздалып, имараттарды оңдоо иштери жүргүзүлүп, ашкана жабдуулары эл аралык донорлордун эсебинен сатылып алынганын белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом