Милиция туристке уурдаткан iPhone 14 жана Samsung’ун таап берди

Милиция туристке уурдаткан iPhone 14 жана Samsung’ун таап берди

Бишкекте милиция кызматкерлери Россиядан келген туристке уурдаткан телефондорун таап берди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, россиялык турист Бишкектеги кичи автобустан Samsung жана iPhone 14 телефондорун уурдатып алган. Окуядан кийин ал ИИМдин Коомдук кабылдамасына жардам сурап кайрылган.

«Өз кезегинде министрдин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу кеңешчиси Абдумалик Мамыров коноктун арыз-дооматтарын уккандан кийин Свердлов райондук милициясынын башчысы Азамат Байгазиевге телефондорду уурдаган кылмышкерди кармоо боюнча тез арада чара көрүүнү тапшырган», — деп билдирет министрлик.

Аталган факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. Келтирилген чыгымдын суммасы 179 миң сомду түзгөн.

Көп өтпөй уурдалган Samsung менен iPhone 14 телефон сатуучулардан табылган. Андан кийин кылмышка шектүү адамдын ким экендиги белгилүү болгон.

«Ал 31 жаштагы М.А. экендиги аныкталып, ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүгү (уурдоо) боюнча айып тагылып, башка жакка кетпөө тууралуу баш коргоо чарасы тандалган. Ошентип, милиция кызматкерлери уюлдук телефондорду ээсине өткөрүп беришкен», — деп айтылат маалыматта.

Россиянын жараны телефонун тез арада таап берген милиция кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Бишкек ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>