Чет элдик аял Чүйдөгү эс алуу борборунда 1,5 жылдай бекер жашап, 8,9 млн сом зыян келтирген

Чет элдик аял Чүйдөгү эс алуу борборунда 1,5 жылдай бекер жашап, 8,9 млн сом зыян келтирген

Чүй облусунда алдамчылыкка шектелип чет элдик аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-октябрда милицияга Аламүдүн районунда жайгашкан эс алуу борборлорунун биринин администратору кайрылган. Ал арызында билдиргендей, В.Т. аттуу чет элдик жаран 2021-жылдын июль айынан 2023-жылдын январь айына чейин аталган эс алуу жайынын кызматкерлерине өзүн инвестор, эс алуу борборунун негиздөөчүлөрүнүн бири катары тааныштырып, үй-бүлөсү менен VIP номерде жашаган. Ал 1,5 жыл аралыгында эс алуу борборуна 8 млн 986 миң 457 сом зыян келтирген (конок тоскон, банкет өткөргөн, иш боюнча жолугушууларды уюштурган ж.б.).

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 38 жаштагы В.Т. аттуу аял кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Тергөө учурунда аталган аял уюшкан кылмыштуу топтогу адамдар менен байланышым бар деп, аларга таянып, жогорку кызматтагы чиновниктерден акча опузалаганы аныкталган.

Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө. Иликтөө иштери уланууда.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандар болсо, 0312 36-35-27, 0312 36-35-23 номерлерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>