Ооруканада бейтаптардын телефондорун уурдагандар кармалды

Ооруканада бейтаптардын телефондорун уурдагандар кармалды

Ош шаарында телефон уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга 21 жаштагы шаар тургуну кайрылып, 21-январда Ош шаардык ооруканасында дарыланып жаткан учурда, белгисиз жаран ал жаткан палатадан Redmi Note 11 телефонун уурдап кеткендигин билдирген.

Ушундай эле мазмундагы арыздар Ош шаарынын сегиз тургунунан түшкөн. Алар иш ордунан же ооруканада дарыланып жаткан учурда, түнкүсүн телефондорун таппай калгандыгын билдирген.

Бул фактылар боюнча Кылмыш кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Бул кылмышка шектүү катары, 20-февраль күнү, 25 жаштагы И.С. жана 24 жаштагы И.М. аттуу шаар тургундары кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Кармалгандардын бири И.М. мурда 10 ирет ар түрдүү кылмыштары үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылганы белгилүү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>