Орозайым Нарматова үй камагына чыкты

Орозайым Нарматова үй камагына чыкты

Орозайым Нарматова ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди 30-январда Биринчи май райондук соту кабыл алган.

Нарматова 20-февралга чейин үй камагында болот.

Эскерте кетсек, 27-декабрда соттук отурум учурунда Орозайым Нарматова эсин жоготуп, кулап калган. Андан кийин Бишкек шаардык сотуна тез жардам кызматы чакырылган.

Нарматованын ден соолугуна байланыштуу соттук отурум токтотулуп, 28-декабрга жылдырылган. Кийинки сот отурумунда Нарматова 20-февралга чейин камакта калтырылган.

22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

Белгилей кетсек, 24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынып, кийинчерээк 20-февралга чейин камакта калтырылган.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>