Орозайым Нарматова сот залында эсин жоготуп жыгылды — видео

Орозайым Нарматова сот залында эсин жоготуп жыгылды — видео

Бүгүн, 27-декабрда Бишкек шаардык сотунда баш коргоо чарасы каралып жаткан Орозайым Нарматова сот залында эсин жоготуп жыгылды.

Reporter.kg‘ге активист Касиет Мамырбай билдиргендей, Нарматованын жактоочусу ал эсин жоготуп кулаганда, темирди сүзүп алганын айткан. Нарматованын башында көк так калган.

Нарматова эсин жоготуп алгандан кийин Бишкек шаардык сотуна тез жардам кызматы чакырылган.

Бишкек шаардык сотунан билдиришкендей, Нарматованын ден соолугуна байланыштуу соттук отурум 28-декабрга саат 15:00го жылдырылган.

Эскерте кетсек, «массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалгандардын ичинен 15тен ашык киши бир нече күндөн бери ачкачылык кармап жатышат. Алардын ичинен Перизат Суранова, Орозайым Нарматова жана Али Шабдандын абалы начарлаганы айтылууда.

22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынып, кийинчерээк 20-февралга чейин камакта калтырылган.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>