Орозодо туура тамактануу органдардын жашарышына алып келет

Орозодо туура тамактануу органдардын жашарышына алып келет

Быйыл Орозо айы 13-апрелде башталды. Орозодо кантип туура тамактануу керек жана кандай азыктарды көбүрөөк жеш керек? Бул тууралуу  Медицина илимдеринин кандидаты Абдимиталип Халматовдун кеңештерин эске салабыз.

Орозо убагында мүмкүн болушунча тамактарды жѳнѳкѳйлѳтүүгѳ аракет кылуу керек. Тамак бул айда канчалык аз өлчөмдө желсе организм үчүн да ошончо көп пайда болот. Кечке чейин ачка калган ашказанды ооз ачуу  убагында заматта толтуруп алуу организмге терс таасирин тийгизет.

Ооз ачуу учурунда суу жана 3 даана курма (финник) менен ачкан медицина жактан туура. Себеби окумуштуулардын айтуусу бонча, курманын курамында 60- 65%га чейинки организмге тез сиңүүчү кант (фруктоза) бар. Фруктозанын кадимки канттан айырмасы, ал кандагы кантты тезинен кɵтɵрүп жибербейт жана аш-казан тамак системасын толугу менен иштей башташына шарт түзөт.

Суу, айран, жаӊы жасалган компот жана кѳк чайды көбүрөөк ичүү сунушталат, себеби суюктуктун суткалык нормасы дени сак адамдар үчүн 2,5-3 литрге чейин болуусу зарыл. Андан тышкары жер-жемиш, салаттардан да ифтар убагында кɵбүрɵɵк колдонуу керек. Орозодо суткасына бир жолу жакшы тамактануу зарыл.

Ооз жабууда (саарлыкка) жумуртка, майсыз эттерди, балык, тооктун этин, түрлүү кашаларды, буурчак, жаңгак, банан, сунушталат.

Рациондон куурулган, майлуу жана туздуу тамактарды, кантты, ар түрдүү таттуу тамактарды (торт, пироженое ж.б.), минералдык сууларды, колдонбоого аракет кылуу зарыл.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>