Орусия эл аралык спорттук мелдештерден эки жылга четтетилди

Орусия эл аралык спорттук мелдештерден эки жылга четтетилди

Спорттук арбитраждык сот (CAS) Орусияны эл аралык мелдештерден эки жылга четтетүү тууралуу Дүйнөлүк кызытмага каршы агенттиктин (WADA) чечимин колдоду.

Арбитраждык соттун билдирүүсүндө Орусиянын кызытмага каршы агенттиги Москвадагы мурдагы антидопинг лабораториясындагы түп нуска жана негизги аналитикалык маалыматтарды бербей, Дүйнөлүк кызытмага каршы кодексти бузганы белгиленген.

Соттун чечимине ылайык, орус спортчулары өз өлкөсүнүн туусунун алдында 2021-жылдагы Токиодо өтчү Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына, 2022-жылы Катардагы футбол боюнча чемпионатка катышуу укугунан ажырады.

WADA 2019-жылы Орусияны төрт жылга эл аралык мелдештерден, анын ичинде Олимпиададан жана дүйнө чемпионаттарынан четтеткен. Ага ылайык, кызытма колдонбогонун далилдеген «таза» атлеттер бейтарап желек алдында жарыша алышат. Орусиянын мамлекеттик желегине жана гимнине тыюу салынган.

Бир добуштан кабыл алынган чечимге орус спортундагы кызытма эрежелеринин масштабдуу бузулушу, Москвадагы лабораторияда сакталган маалыматтарды бурмалоо аракети себеп болгон.

Орусиянын президенти Владимир Путин бул маселе саясатташып жатканын, чечимге каршы апелляциялык арыз берилерин айткан.

Орус спортундагы кызытма чуусу бир нече жылдан бери уланып келатат. Орусиянын бийлиги кызытма программасы мамлекеттик деңгээлде тескелгени тууралуу дооматтарды четке кагууда.

Тэги: WADA Орусия

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>