Бекешев: Балдар үйлөрүндө бир да бала болбошу керекЖК Имангазиев менен Айылчиевдин министрликке талапкерлигин жактырдыКыргызстандыктар баштапкы төгүмү жок турак жай жана унаа үчүн 3 млрд сомдук насыя алыштыОш шаарындагы медколлеждин кызматкери окууга кабыл алуу үчүн акча алууга шектелүүдөПутин менен Трамп бир сааттык телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүштү — толук маалыматКыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү алмашты
Орусия: Ульяновск шаарында кыргыз жигитин бычактап өлтүрдү
21.12.2021 | 16:27
Орусиянын Ульяновск шаарында кыргыз жаранын өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул туурасында REGNUM жазды.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 20-декабрдын кечинде болгон. Кафелердин биринде 21 жаштагы орус улутундагы жигит 20 жаштагы кыргыз улутундагы кесиптешине бычак сайган. Окуя кайым-айтышуудан ырбаган. Мындан улам чыр мушташка айланган. Жабырлануучу окуя болгон жерде каза тапкан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 1-бөлүмү менен кылмыш иши козголгон. Орусиянын кылмыш-жаза кодексинин 105 (“Киши өлтүрүү”). Бир катар экспертизалар дайындалды, тергөө иштери уланууда.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар