Орусияда куралдуу көтөрүлүш чыгарган Пригожин деген ким?

Орусияда куралдуу көтөрүлүш чыгарган Пригожин деген ким?

Евгений Пригожин деген ким жана эмне үчүн «Вагнер» Орусиянын Коргоо министрлиги менен чатакташууда? Бул боюнча Reporter.kg россиялык ММКлардагы маалыматтарды топтоду.

Евгений Пригожин — орусиялык ишкер, Конкорд компаниялар тобунун жетекчиси. Ал түзгөн «Вагнер» тобу Африкадагы, Сириядагы, Украинадагы жана дүйнөнүн башка аймактарындагы аскердик кагылышууларга катышкан жалданма аскерлердин структурасы. Анын операциялары Орусиянын Коргоо министрлиги менен тыгыз байланышта болгон.

Евгений Пригожин 1961-жылы 1-июнда Санкт-Петербургда туулган. Спорттук мектеп-интернатын бүтүргөн. 18 жашында уурулук үчүн шарттуу кесилген, 20 жашында уурулук, талап-тоноочулук, алдамчылык жана жашы жете электерди кылмыштуулукка тартуу боюнча 13 жылга кесилген. 1988-жылы мунапыс берилип, 1990-жылы колониядан кеткен. Андан кийин Ленинград химия-фармацевтикалык институтунда фармацевт адистиги боюнча окуп, бирок окуусун бүтүргөн эмес.

1990-жылдан тартып ал Санкт-Петербургда хот-дог сатуу тармагын уюштуруп, андан кийин супермаркеттер тармагын, кийинчерээк, 1996-жылы « Старая таможня» элиталык ресторанын ачкан, ал жерден жылдын аягына чейин алгачкы миллион долларын тапкан. 1998-жылы жазында Пригожин New Island суу  үстүндөгү ресторанын ачкан.

2001-жылы бортто орус жана француз президенттери Владимир Путин менен Жак Ширактын ортосунда кечки тамак уюштурулган. 2002-жылы май айында Путин АКШнын президенти Жорж Бушту кабыл алган. Бул учурда маалымат каражаттары Пригожинди “Путиндин ашпозчусу” деп аташкан. 2023-жылдын 23-майында берген маегинде Пригожин мындай каймана атты четке каккан.

2018-жылы Путин журналисттерге берген маегинде Пригожин менен жеке тааныш экенин ырастап, бирок Пригожинди бизнесмен Жорж Сорос менен салыштырып, анын мамлекет менен байланышын четке каккан.

Биринчи жолу «Вагнер» ЧВКнын иштери тууралуу Украинанын атайын кызматтары 2014-жылдары айтып башташкан. Алар Донбасста байкалган. Анда ЧВКнын лидери орусиялык ГРУ спецназынын офицери Дмитрий Уткин деп аталып, анын «Вагнер» деген белгиси бар болчу. 2017-жылы Уткин Пригожиндин ресторан бизнесин жетектегени белгилүү болгон.

«Вагнер»2022-жылга чейин Пригожин «Вагнер» ЧВКменен байланышын четке кагып келген. Ал түгүл “Эхо Москвы” телеканалынын башкы редактору Алексей Венедиктовду радионун эфиринде уюмдун “ээси” деп атаганы үчүн сотко берген. 2022-жылдын августунда Пригожин соттон утуп, сентябрда ал чындыгында ЧВКны жетектеп турганын мойнуна алган. Ишкер мурдагы позициясын уюмдун башка мүчөлөрүнө коркунуч туудургусу келбегени менен түшүндүргөн.

Белгилүү болгондой, Пригожин туткундарды Украинадагы аскерий операцияларга катышуу үчүн тарткан. 2023-жылдын март айынын аягында Пригожин 5 миңден ашуун туткунга мунапыс берилип, компания менен келишим аяктагандан кийин бошотулганын айткан. Анын айтымында, согушка катышкандардын 0,5 пайыздан азы колонияга кайтып келишет.

2023-жылдын февралында Пригожин мындан ары камактагыларды ЧВКнын катарына тартпай турганын жарыялаган. Орусиянын Коргоо министрлиги менен конфликт Пригожин Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун аракетин көп сындап, аны “орточо башкаруу” деп айыптаган. Би-Би-Синин орус кызматы ЧВКнын басма сөз кызматына таянып, Пригожиндин Москва облусу менен ачык чатагы 17-майда башталганын билдирди. Андан кийин жалданма аскерлер «Бахмуттун түштүгүндөгү Опытное жана Озаряновка поселокторунда кен жолдорун казып жаткан аскер кызматкерлерин табышкан». Семигорье облусунда жалданма жоокерлер жолдо миналарды тазалап жаткан учурда Коргоо министрлигинин позицияларынан аларга ок атылган.

Вагнерчилердин Россиянын куралдуу күчтөрүнүн подполковнигин колго түшүрүү — уюшкан топ тарабынан мамлекеттик кызматкерди кызматтык милдетин аткарып жаткан учурда куралдуу уурдоо. Бирок бул маселе боюнча орус өкмөтүнөн эч кандай коомдук чечим келе элек.

Эске салсак, бүгүн түнү Орусияда куралдуу көтөрүлүш жарыяланган. Евгений Пригожин орус аскерлери «вагнерчилерге» ракеталык чабуул жасаганын айткан. Пригожин «адилеттик маршын» баштоого убада берди. Орус бийликтери ракеталык соккулар тууралуу маалымат «чындыкка дал келбейт жана маалыматтык провокация» деп жооп кайтарган.

ФСБ Вагнер ЧВКнын жетекчисинин билдирүүлөрүнөн кийин куралдуу козголоң фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул кылмыш 12 жылдан 20 жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Бүгүн эртең менен Орусиянын Ростов-на-Дону жана Ростов облусунда Евгений Пригожиндин «Вагнер» ЧВК уюмуна таандык делген куралчан адамдар пайда болду. ММКлар шаарга Аксайдан (Ростовго жакын шаар) аскердик техниканын кербени киргенин жазып чыгышты. Шаардын борборундагы бардык кварталдар жабылды.

Ростов облусунун губернатору Василий Голубев жарандарды шаардын борборуна барбоого жана үйлөрүнөн чыкпоого чакырды. ЖМКлар жана Telegram каналдары “Вагнердин” жетекчиси Евгений Пригожин менен Ростов-на-Донуда Түштүк аскер округунун башкы кеңсесинде тартылган делген видеону жарыялашты.

«Биз бул жакка келдик. Биз Башкы штабдын башчысы менен Шойгуну кармагыбыз келет. Алар жок болуп жатканда, биз бул жерде, Ростов шаарын тосуп, Москвага баратабыз», — дейт Пригожин видеодо.

Элчилик Россиядагы кыргызстандыктарга кайрылды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>