Орусияда медайым бейтаптарды купальникчен тейледи

Орусияда медайым бейтаптарды купальникчен тейледи

Орусиянын Тула облусундагы клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында медайым ич кийимдин үстүнөн эле ачык коргоочу костьюм кийип алганы үчүн жаза алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

«Тула райондук аймактык клиникалык ооруканасынын кызматкери медициналык кийимдерге коюлган талаптарды сактабагандыгы фактысы боюнча Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан медайымга эскертүү түрүндө дисциплинардык жаза колдонулгандыгын билдирди», — деп жазылат маалыматта.

Медайым коргоочу костьюм абдан ысык экенин айтып, кийим кийбөөнү чечкен. Бирок ал костьюм тунук болуп көрүнүп каларын эске алган эместигин билдирген.

Медициналык мекеменин кызматкерлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп,кызматкерлерге санитардык кийимдерге жана сырткы көрүнүшкө карата талаптарды сактоо керектиги эскертилди.

Мындан тышкары, атайын кийимдерди жана жеке коргонуу шаймандарын колдонууга жооптуу кызматкерлердин ишине көзөмөл күчөтүлдү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>