Жалал-Абадда кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлерине эстелик тургузулду

Жалал-Абадда кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлерине эстелик тургузулду

Бүгүн, 16-майда Жалал-Абад ОИИБдин имаратына кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлерине арналып тургузулган эстеликтин ачылыш аземи болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, ага Жалал-Абад ОИИБдин өздүк курамы, ички иштер органдарынын ардагерлери, кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин жубайлары жана жакындары катышты. Иш-чаранын катышуучулары тарабынан эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, куран окулуп, каза болгон кызматкерлер эскерилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө кызматтык милдетин ак ниеттүүлүк менен аткарууда өз жанын аябай, кылмышкерлер менен кармашууда каза болгон кызматкерлер эч качан унутулбай тургандыгы белгиленди. Алардын жасаган эрдиктери келечек муундарга дем берээри, жаш кызматкерлерге үлгү болоору айтылды.

Кызматтык милдетин аткарып жатып каза болгон кызматкерлердин жакындары Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилигине ыраазычылык билдиришип, өздүк курамда жоготуулар болбошун тилек кылышты.

Мындан сырткары республиканын ар кайсы аймактарында каза болгон кызматкерлердин жаркын элестерине арналып өткөрүлгөн спорттук мелдештерде байгелүү орундарды камсыз кылган кызматкерлер сыйланышты.

Буга чейин Жалал-Абад ШИИБдин, ЖКККБнын кызматкерлери каза болгон кызматкерлердин үйлөрүнө барышып, үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашып, матераилдык колдоо көрсөтүшкөн.

Жалал-Абад облусунда 1954-жылдан тартып кызмат учурунда 32 кызматкер каза болгон болсо, анын ичинен 16сы кылмышкерлердин колунан каза тапкан.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>