Орусиядагы мигранттар жапырт Кыргызстанга келсе, бийлик кандай чара көрөт?

Орусиядагы мигранттар жапырт Кыргызстанга келсе, бийлик кандай чара көрөт?

Учурдагы дүйнөдөгү кырдаалды эске алганда Орусияда эмгектенип жүргөн мигранттарыбыз өз өлкөсүнө массалык түрдө келе турган болсо кандай кадамдарга барасыңар? Бул суроону Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова парламентте Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевге берди.

Данияр Амангелдиев:

-Азыр канча мигрант келээрин так айтуу кыйын. Албетте, жалпысынан ар кандай аракеттерди жасайбыз.

Динара Ашимова:

-Демек, биз эч нерсе пландаштырбай эле экенбиз да ээ?

Данияр Амангелдиев:

-Бизде да анализ, ар кандай божомолдор бар. Орусияда тейлөө тармагында айрым чет элдик компаниялар ишканаларын алып чыгып кетишти. Бирок, алар жалпы рыноктун 10 гана пайызын түзөт. Мындай анализдерди карап отуруп, Орусиядан кыргыз мигранттарынын жапырт келээрин көрө албай турабыз. Эгерде, жапырт Кыргызстанга келе турган болсо альтернативалык иш аракеттерди алып барабыз. АКШ жана башка өлкөлөрдүн санкциялары бизге өз таасирин берип жаткандыктан алардан миграциялык режимдерин жумшартууну суранабыз. Ушул тапта Тышкы иштер министри иш алып барат. Муну антикризистик программага киргизип жатабыз.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>