Орусиядагы жол кырсыктан кыргызстандыктар мерт кетти. Күбөнүн видеосу

Орусиядагы жол кырсыктан кыргызстандыктар мерт кетти. Күбөнүн видеосу

Россиянын Ульяновск облусунда үрөй учурган жол кырсыктан 14 адам каза болуп, үч адам ооруканага түштү. Бул тууралуу Россиянын Ички иштер министрлиги билдиргенин РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу каршы тилкеге ​​чыгып кетип, автобус менен кагышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча каза болгондор Казакстандын жарандары экендиги айтылууда.

Ошол эле учурда Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Ульяновскидеги жол кырсыктан каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Казакстандын жарандары жок экенин билдирди.

«Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктын кесепетинен 14 адам каза болуп, үчөө ооруканага жаткырылды. Маалымат такталууда», — деп айтылат Орусиянын ИИМинин сайтында.

Ал эми социалдык тармактарда кырсыктын күбөсү үрөй учурган жол кырсыктан Кыргызстандын 18 жараны каза болгонун билдирип, окуя болгон жерден видео жарыялады.

Учурда кыргызстандыктар жабыр тарткандыгы боюнча Тышкы иштер министрлигинен такталууда.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>