Кыргызстанда РФ Мамлекеттик Думасына шайлоо үчүн төрт шайлоо тилкеси ачылатКыргыз-Кытай технологияларды трансферлөө борборунун филиалы ачылдыКыргызстан менен Корея соода жана инвестиция жаатында кызматташуу меморандумуна кол коюштуБишкекте Гоголь көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат«Биз өзүбүздүн чоң үйүбүздү куруп жатабыз»: КРСУнун ректору Сергей Волков — университеттин келечеги тууралууБарскоон суусунда балыктардын өлүмү катталды. Учурда иликтөө жүргүзүлүүдө
Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин коронавирус жуктуруп алды
01.05.2020 | 08:42
Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка караганда, анын илдетке чалдыкканы тест аркылуу аныкталган. Мындан улам ал дарыгерлердин сунушу менен обочолонууга кеткен. Ал эми өкмөт башчынын милдетин аткаруу биринчи-вице-премьер-министр Андрей Белоусовго жүктөлгөн.
Өкмөт башкчы министрлер менен ар убак телефон аркылуу байланышта болуп турарын айткан. Президент Владимир Путин ар бир адам вирусту жуктуруп алышы мүмкүн экендигин эскертип, Мишустиндин оорудан батыраак сакайып кетишин тилеген.
Соңку маалыматтар боюнча Орусияда коронавирус 106 498 миң кишиге жукту. Илдеттен 1073 адам каза болуп, 11 619 киши ооруну жеңип чыккан.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар