Кара-Суу районунун Бишкек-Ош унаа жолунун 661-чакырымында «Камаз», «Mercedes-Benz Sprinter» жана «Daewoo Nexia» унааларынын катышуусунда жол кырсыгы болгон.
Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктын кесепетинен 7 жаран каза болгон (3 эркек, 4 аял), ошондой эле 6 адам Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган, 3 жаш бала балдар ооруканасына жаткырылган (аты-жөндөрү такталууда).
Жерине Кара-Суу райондук 3 куткаруучу тартылган.
Учурда жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары А.Мазарипов, Ош облустук башкармалыгынын башчысы полковник Н.Шаматов абалды көзөмөлгө алууда. Бул туурасында аталган министрлик билдирүү таратты.