Ош-Кашгар аба каттамын ачуу сунушталды

Ош-Кашгар аба каттамын ачуу сунушталды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Оштон Кытайдын Кашгар шаарына түз аба каттам ачууну сунуштады. Ал бул боюнча Кытайдын Кашгар шаарында ККПнын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү Ма Синжуй менен жолугушууда айтты.

Акылбек Жапаров Кашгарда иш сапар менен жүрөт.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө 2024-жылы кыргыз-кытай чек арасындагы «Бедел» өткөрмө пункту ачылары айтылды.

Акылбек Жапаров Кыргызстан Кытай үчүн Борбордук Азиянын бир нече өлкөлөрүнө чыгууга дарбаза болуп бара жатканын белгиледи.

«Бул контекстте Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушу, 3 өлкөнүн соода экономикалык байланышынын динамикалуу өсүшүнө баа жеткис оң таасирин берет»-деген Акылбек Жапаров бүгүнкү күндө биргелешкен каржылоо менен долбоордун техникалык экономикалык негиздемеси иштелип чыгып, бекитилгенин белгилеп өттү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>