Жапаров, Ташиев, Көкүлов. Кайсы саясатчыга ишеним жогору?

Жапаров, Ташиев, Көкүлов. Кайсы саясатчыга ишеним жогору?

Эл аралык республикалык институттун (IRI) сурамжылоосуна катышкан жарандардын 37 пайызы президент Садыр Жапаровго ишеним артышкан.

Андан кийинки орунда, 22 пайыз менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев турат.

Жарандардын 12 пайызы Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбековго добуш беришкен. Парламенттин депутаты Эрулан Көкүлов (6%) төртүнчү орунга жайгашкан.

Андан кийин Адахан Мадумаров, Элвира Сурабалдиева, Мирлан Самыйкожо, Дастан Бекешев, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Акылбек Жапаров, Өмүрбек Бабанов, Аскар Акаев, Роза Отунбаева, Жанарбек Акаев, Шайлообек Атазов, Мелис Мырзакматов, Улан Бакасов, Алишер Козуев турат.

Калган саясатчылар 1 пайыздан аз добуш алышты.

Сурамжылоодо саясатчыларга карата пикир дагы суралган. Анда Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев эң көп (26 пайыз) терс добуш алган.

Андан кийинки орунга үч мурдагы президент  — Аскар Акаев, Алмазбек Атамбаев, Роза Отунбаева жана Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров жайгашты. Аларды суроого жооп бергендерлин 24 пайыз жаман көрөт.

Изилдөө 2023-жылдын 21-декабрынан 2024 жылдын 19-январына чейин респонденттердин үйүндө маектешүү жолу менен жүргүзүлдү. Ага 18 жаштан жогору 1  миң  500 адам катышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>