Ош: Нариман айыл өкмөтүндөгү былык иш ачыкка чыкты

Ош: Нариман айыл өкмөтүндөгү былык иш ачыкка чыкты

Ош облусунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.

Текшерүүдө, 2018-жылы Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары ВЛКСМ участогунда жайгашкан айыл чарба багытындагы 0,42 га жер тилкесин У.А. аттуу жаранга токтомду жасалмалоо аркылуу жеке менчигине берип жиберишкендиги аныкталган.

Андан кийин жогорудагы мыйзамсыз аракеттер улантылып, 2022-жылдын сентябрында жер тилке 7 бирдикке бөлүнүп, жогоруда аталган жарандын атына бул жер участокторуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылар даярдалып берилген.

Натыйжада, жогорудагы 0,42 га сугат айдоо айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлери мыйзамсыз жеке менчикке берилгендиктен улам мамлекетке 15 млн 458 миң сомдук зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Ош областынын прокуратурасы тарабынан Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн жана “Кадастр” ММнын Кара-Суу филианын кызмат адамдарына карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>