30-декабрга карата аба ырайы

30-декабрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Ош, Баткен, Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн -2…-7

күндүз 0…+5

Талас облусу

түнкүсүн -4…-9

күндүз 0…+5

Баткен облусу

түнкүсүн -4…+1

күндүз +5…+10

Ош жана Жалал-Абад облустары

түнкүсүн -4…+1

күндүз +5…+10

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн -3…-8

күндүз +1…+6

Нарын облусу

түнкүсүн -15…-20

күндүз -5…-10

Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с., абанын түнкү төмөнкү температурасы -2…-4°, күндүзгү жогорку температурасы 3…+5° жылуу болот.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>