Садыр Жапаров VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ачты — сүйлөгөн сөзүнүн негизги учурларыСи Цзиньпин ДКӨнүн ачылышына катышкан жок — себебин КР башчысынын маалымат катчысы айтып бердиРоссиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга жумушчу сапар менен келди«Баары ыкчам өнүгүүдө»: Марат Амираев Кыргызстандагы өзгөрүүлөр тууралууДКӨнүн ачылышында «Бишкек-Аренага» 30 миңге жакын көрүүчү чогулду — сүрөтӨмүрбек Бабанов президенттикке талапкерлигин коёр-койбосу тууралуу айтты — видео
Ош облусундагы бардык стационарлар жабылды
07.09.2020 | 15:50
Ош облусунун Баш-Булак айылында бир айдын ичинде 150 орундук оорукананын иштери аяктап, тапшыруу алдында турат. Учурда ооруканага керектүү болгон медициналык аппараттар, жабдыктар толукталып жатат. Бул тууралуу Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Байыш Юсупов билдирди.
Анын айтымында, Ош облусу боюнча 3 миң 170 күндүзгү стационардын бардыгы жабылды.
Мурдагыга караганда кырдаал өзгөрүп, медициналык аппараттар жетиштүү экенин белгиледи. Облуста ИВЛ аппараты 113 даананы түзсө, кычкылтек концентраты 1500 даанага жетти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом