Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Жапаров Казакстандагы кризис боюнча ЖККУ мүчөлөрү менен сүйлөштү
06.01.2022 | 10:47
Президент Садыр Жапаров Казакстандагы кырдаал боюнча ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен сүйлөштү. Бул туурасында өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана башка ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен Казакстандагы кырдаалды талкуулаган. Уюмдун төрагасы Никол Пашинян менен да баарлашкан. Президент Садыр Жапаров коңшу өлкөдөн адам курмандыктары, көп сандаган талап-тоноочулук жана зомбулук фактылары жана башка зордук-зомбулук тууралуу маалыматтарга тынчсыздануусун билдирди.
Тараптар ЖККУнун кризистик кырдаалдарга каршы аракеттенүү боюнча уставына ылайык коопсуздукту камсыздоо боюнча бирдиктүү позицияны талкуулашты.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат