Ош шаарынын казынасына бир айда салыктан 160 млн сом түштү

10.08.2026 | 11:54
Ош шаарынын казынасына бир айда салыктан 160 млн сом түштү — Новости Кыргызстана

Ош шаарынын жергиликтүү бюджетине бир айдын ичинде 160 млн сом кошумча киреше түштү. Бул тууралуу калаа башчысы Жанарбек Акаев билдирди.

Мэрдин айтымында, бул каражаттар президенттин чечими менен салыктын эки түрү: бирдиктүү жана сатуудан алынуучу салык Ош шаарынын казынасында калтырылгандан кийин топтолгон.

Жанарбек Акаев бул каражаттар шаардын жолдорун жана инфраструктурасын жакшыртууга жумшалып жатканын айтып, ишкерлерди көмүскө экономикадан чыгууга жана салыктарды өз убагында төлөөгө чакырды. Ал салыктык төлөмдөр шаардын өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир этерин белгиледи.

Эске салсак, ушул жылдын майында өлкө башчы Садыр Жапаров Ош шаарында салыктан түшкөн каражаттардын бир бөлүгүн калаа бюджетине калтыруу боюнча пилоттук долбоорду киргизген жарлыкка койгон. Ага ылайык, 2026-жылдын 1-июнунан баштап 2027-жылдын 1-июнуна чейин шаардагы сатуудан алынуучу салыктын 50%ы, ал эми бирдиктүү салыктын 15%ы жергиликтүү бюджетке которулат.

Scroll to Top