Ош—Бишкек жолу: Жүк ташуучу унааларга чектөө кирди

Ош—Бишкек жолу: Жүк ташуучу унааларга чектөө кирди

Бишкек — Ош унаа жолунун «Арал» жана «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Бишкек — Ош унаа жолунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында саат 18:40тан тартып «Арал» постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө эртең мененки саат 07:00гө чейин киргизилди.

Ошондой эле аталган унаа жолдун Чүй облусунун Жайыл районунда жайгашкан «Сосновка» постунда саат 17:30дан тарта прицеби бар оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Ал эми жеңил унаалар өтүүдө.

Урматтуу айдоочу жана жүргүнчүлөр! Кырсык катталган учурда «112» номерине байланышыңыз ошондой эле жолдун ачылышы тууралуу маалыматты алсаңыз болот. Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт.

Коопсуздук үчүн унаалардын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырып, аралыкты сактаңыз!”- деп айтылат билдирүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>