Ош: Синтектикалык маңзат саткан аялдар тобу табылды

Ош: Синтектикалык маңзат саткан аялдар тобу табылды

Ош облусунун аймагында синтетикалык баңгизаттарды сатып алектенген 2 аял киши кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка карагандда, Ош шаарынын аймагында “Г” аттуу азият улутундагы аял киши баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу менен алектенип жүргөндүгү тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Аталган факты боюнча боюнча кылмыш иш козголуп, милиция кызматкерлери тарабынан “Г” аттуу аял киши баңгизат каражаттарды жана психотроптук заттарды Ош шаарынын жашаган жерлери боюнча сатып жүргөндүгү аныкталган.

Мындан аркы атайын тергөө аракеттеринин жүрүшүндө 5 гр. Синтетикалык баңгизаттарды сатуу аракетин жасоо учурунда аталган «Г» жараны кылмышка кошо катышкан кыргыз жарандары, 1976-ж.т. К. Ш., 1983-ж.т. Т.Н.кармалган. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган затальфа PVP психотроптук заты болуп аныкталган.

 

Азыркы учурда кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>