Өзбекстандан келе жаткан 47 тоннадан ашык дарбыз артка кайтарылды«Түндүк» тиркемесинде шайлоочулар үчүн жаңы кызмат ишке кирдиАнтимонополия кызматы мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенден кийинки бензиндин баасы тууралуу маалымдадыСоциалдык келишимдин катышуучуларына 200 миң сомго чейин пайызсыз насыя берилетМектептерде 18 миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген бала билим алуудаКыргызстандын мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар 26-июнда тапшырылат
Ош жана Жалал-Абад облустарында жер титиреди
09.12.2019 | 10:07
Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралу Сейсмология институтуна таянып Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Жалал-Абад облусундагы күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө 8-декабрда саат 13:07де катталган. Сузак районунун Орток айылында 2,5 жана Сай айылында 2 баллга чейин сезилген
8 -декабрь күнү саат 23:40та Ош облусунун аймагындагы жер титирөөнүн күчү 4 баллга чейин жеткен.
Жер титирөө Алай районунун Кара-Шыбак, Жар-Башы, Күлчү, Шибе айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар