Мэрия узак эс алуу күндөрүнүн алдында туристтик турларга арзандатууларды эске салды5-августка карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуБишкек милициясы укук коргоо органдарынын кызматкерлерин урматтоо зарылдыгын эскерттиКонго Демократиялык Республикасында Эбола илдетинин эң ири очогу катталды20 млрд доллар: Жаңы «Асман» шаары кандай болот?Кытай Кыргызстандын суу чарба тармагына 370 даана техника берет
Ош жана Жалал-Абад облустарында жер титиреди
09.12.2019 | 10:07
Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралу Сейсмология институтуна таянып Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Жалал-Абад облусундагы күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө 8-декабрда саат 13:07де катталган. Сузак районунун Орток айылында 2,5 жана Сай айылында 2 баллга чейин сезилген
8 -декабрь күнү саат 23:40та Ош облусунун аймагындагы жер титирөөнүн күчү 4 баллга чейин жеткен.
Жер титирөө Алай районунун Кара-Шыбак, Жар-Башы, Күлчү, Шибе айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар