Ошто 14 жашында жоголгон Чыңгыз 13 жылдан бери дайынсыз

Ошто 14 жашында жоголгон Чыңгыз 13 жылдан бери дайынсыз

Ош облусунда 13 жылдан бери дайынсыз болуп жаткан Чыңгыз Турдумамат уулу изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2010-жылы 20-июнь күнү Өзгөн райондук милицияга Обком айылынын тургуну Айнура Кайлубаева кайрылып, 1995-жылдын 1-сентябрында туулган уулу Чыңгыз Турдумамат уулу 14-июнь күнү болжол менен саат 13:30да үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Бул окуя боюнча топтолгон материалдар каттоого алынып, издөө иштери башталган.

Кийген кийимдери: боз түстөгү футболка, кара түстөгү шым, боз түстөгү бут кийим.

Өзгөчө белгилери: бою 160-165 см, орто дене түзүлүшү, ак жуумал, чап жаак, чачы кара, кыска, көзү-кашы кара.

Милиция дайынсыз болуп жаткан Чыңгыз Турдумамат уулу тууралуу маалыматы бар жарандарды 03233 5 06 36, 0550 33 43 23, 0779 33 43 23 же 0553 11 63 93 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>