Жумгалда жаңы мектеп ачылды

Жумгалда жаңы мектеп ачылды

Бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев Нарын облусундагы иш сапарынын алкагында Жумгал районуна барып, Кызыл-Жылдыз айылына курулган К.Акиев атындагы орто мектептин жаңы имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Салтанатта сөз сүйлөгөн Төрага улуу акындын атын алып жүргөн мектептин жаңы имаратынан мыкты уул-кыздар тарбияланып чыксын деген тилегин билдирип, Жумгал жергеси эзелтен таланттарга бай экенин белгиледи.

«Акыркы үч жылда өлкө казынасы үч эсе өсүп, бардык тармактарда ийгиликтер болууда. Айрыкча билим берүү жаатында көп жумуштар жасалып, жаңы мектептер, бала бакчалар курулуп, агартуучулардын айлык маянасы жогорулатылды. Бул албетте чек эмес. Мындан ары да көптөгөн иштер жасалып, ири долбоорлор ишке ашырылат», – деди ал.

Муну менен катар кийинки жылдын бюджети 657 млрд сом болорун айткан Төрага: “Мурда дефицит менен эсептелген бюджет, жылдан-жылга профицит менен бекитиле баштайт. Бул салык саясатын туура жүргүзүүнүн, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруунун жана коррупцияга каршы күрөштүн күчөтүлгөндүгүнүн натыйжасы десек жаңылышпайбыз”, – деп кошумчалады.

Сөзүнүн аягында мектептин жамаатына жана окуучуларга ийгиликтерди каалап, резервдик фондунан 320 миң сомдук сертификат тапшырды.

Андан соң Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Чаек айылында жайгашкан М.Алыбаев атындагы мектептин абалы менен таанышты.

Азыркы тапта 380ден ашуун окуучу билим алган мектептин имараты 52 жыл мурун курулуп, азыркы тапта капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж.

Андан тышкары, мугалимдер менен баарлашууда практикалык иштерди жүргүзүүгө керектүү жабдуулардын, түрдүү лабораториялык куралдардын жоктугу негизги көйгөй катары айтылды.

Төрага мектепти жаңылоо жана заманбап жабдуулар менен камсыздоо ишин тиешелүү жетекчилерге табыштап, окуучулардын татыктуу таалим-тарбия алуусуна керектүү шарттарды түзүү башкы маселе экенин белгиледи.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>