Ошто 26 жаштагы жаран атасын бычактап өлтүрдү. Окуянын чоо-жайы

Ошто 26 жаштагы жаран атасын бычактап өлтүрдү. Окуянын чоо-жайы

Ош шаарында өз атасын бычактап өлтүргөн 26 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Алгачкы тергөө амалдары учурунда алынган маалыматка караганда, окуя 7-апрель күнү саат 10:20 чамаларында болгон. Шектүү Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын тургуну болот. Ош шаарында убактылуу жашап жаткан. Шектүү өз атасы менен чырдаша кетип, жанында салып жүргөн маки менен атасын көкүрөк тушка эки ирет сайып жиберген. Натыйжада, 56 жаштагы атасы окуя болгон жерде каза болгон. Кылмыш ишинен соӊ шектүү милицияга өзү кабар берген.

«Маркум ошол күнү баласы убактылуу жашап турган Ош шаарынын Алымбеков көчөсүндөгү үйүнө келген. Шектүүнүн берген көрсөтмөсүнө караганда, экөө теӊ мас абалда болгон», — деп билдиришти милициядан.

Аталган кылмыш ишинин алкагында соттук-биологиялык, соттук-наркологиялык жана соттук-психиатриялык экспертизалар дайындалып, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштери жүрүүдө.

Шектүү 1997-жылы туулган. Мурда эки жолу соттолгон. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>