Күчтүү дарыларды мыйзамсыз саткан эки дарыкана аныкталды

Күчтүү дарыларды мыйзамсыз саткан эки дарыкана аныкталды

Бишкек шаарындагы эки дарыканада таасири күчтүү дары-дармектерди мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өспүрүмдөр арасында “Дарыканалык баңгиликти” жок кылууга багытталган ыкчам-алдын алуу иш-чараларын өткөрүүнүн жүрүшүндө ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти менен биргеликте “дарыканалык баңгиликти” алдын алуу боюнча ыкчам-алдын алуу иш-чараларын өткөрүштү.

Күчтүү дары-дармектерди сатуу фактысы боюнча жарандардан арыз-даттануулар түшкөн дарыкана мекемелерине атайын максаттуу текшерүү жүргүзүлгөн. Рейд учурунда рецептерсиз жана кассалык чектерсиз күчтүү таасир этүүчү дары-дармек каражаттарын мыйзамсыз сатуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Мындан тышкары, фармацевттер так сандык эсепке алынууга тийиш болгон дары-дармектерди рецепт боюнча сатуусуз эле ушундай эле ыкма менен ишке ашырышкан.

Текшерүүлөр боюнча Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан эки дарыкана пунктунда мыйзам бузуулар аныкталган.

Жалпысынан тропикамиддин 30 флакону, лириканын 38 капсуласы жана 19 Сомнол таблеткасы алынган. Аталган дарыкана пункттарына “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 77-беренесинин 1-пункту жана 284-беренесинин 1-пунктуна ылайык жалпы суммасы 79 000 сомго айып салынды.

Мындан тышкары, дары-дармек каражаттарын сатуу укугуна тиешелүү лицензиясы жок ишкердик жүргүзгөн дарыкананын бирине карата тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралардан кийин юридикалык баа берилет.

ИИМдин БМЖКККнын жана Департаменттин кызматкерлери фармацевтерге рецепт көрсөтүлгөндө гана сатууга уруксат берилген, күчтүү дары-дармек каражаттарына таандык соода эрежелерин бузган учурда Кылмыш-жаза кодексинин 294-беренеси (Дары-дармек каражаттарын мыйзамсыз өндүрүү же сатуу) боюнча кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>