Азия чемпионаты: Кыргызстандык үч балбан финалга чыкты — видео

Азия чемпионаты: Кыргызстандык үч балбан финалга чыкты — видео

Кыргызстандык балбан Акылбек Талантбеков Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында финалга чыкты.

Ал грек-рим күрөшү боюнча мелдешке 82 килограммга чейинки салмак ченинде катышууда.

Талантбеков 1/4 финалдан баштап, Индиядан келген спортчуну жеңип алды. Жарым финалда ал ирандык спортчуну жеңип, финалга чыкты.

Буга чейин Жоламан Шаршенбеков 60 килограммга чейинки салмак ченинде финалга чыккан.

Ошондой эле, Үзүр Жузупбеков дагы Азия чемпионатынын финалына чыкты. Ал 97 килограммга чейинки салмак ченинде катышууда.

Муну менен үч балбан Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Ал эми кыргызстандык балбан Адилхан Нурланбеков коло үчүн күрөшөт.

Акжол Махмудов Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утуп, чемпион болгон. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>