Ошто 600 миң сом талап кылууга шектелип үч мушкер кармалды

Ошто 600 миң сом талап кылууга шектелип үч мушкер кармалды

Ошто опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма соз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан Ош шаарында 600 миң сом акча талап кылуу фактысы боюнча аралаш мушташ боюнча спортчулардан турган — К.у.Б., Х.у.М. жана M.X.A. кылмыштуу топ кармалды.

2023-жылдын 4-февралында Ош шаарында Н.у.М. жана М.Х.А., алар менен бирге Ош шаарынын “Нага Грэпплинг” федерациясынын президенти — К.у.Б. жергиликтүү Н.Ш.М. аттуу тургунду жолугушууга чакырып, ал жерден физикалык күч колдонуп, тамагына бычак такап, башына баштык кийгизип, аны белгисиз багытта алып кетишкени аныкталды.

Андан кийин темир балка менен Н.Ш.М.ны сабап, белгисиз маркадагы тапанчаны башына такап, физикалык күч колдонуу жана ар кандай коркутуулар аркылуу акча талап кыла башташкан жана 10 күндүн ичинде 600 миң сом табуу шартын коюшкан.

Учурда Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалгандар УКМКнын Оштогу тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

УКМК өз компетенциясынын чегинде уюшкан кылмыштуу топторго жана коомдоштукка каршы аракеттенүү, ошондой эле жаш спортчулардын кылмыштуу элементтерге катышуусу боюнча иштерди улантууда.

УКМК жарандарды уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан мыйзам бузуунун бардык фактылары боюнча кайрылууга жана билдирүүгө чакырат.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>