«Улуу көчмөндөр мурасы» холдингин жоюу үчүн комиссия түзүлөт

«Улуу көчмөндөр мурасы» холдингин жоюу үчүн комиссия түзүлөт

«Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдинг компаниясы жоюлат. Тиешелүү чечим Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96, 97-статьяларына, «Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзамынын 18-статьясына жана «Министрлер Кабинети жөнүндө» мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык кабыл алынган.

Белгилесек, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 446-т тескемеси менен «Улуу көчмөндөр мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» ААКсы убактылуу тышкы башкаруучу болгон, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКсына киргизилген убактылуу тышкы башкаруу жол-жобосу токтотулган.

Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен, «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдинг компаниясы» ААКсынын мындан аркы ишмердүүлүгү максатка ылайыктуу эмес экендигин белгилей кетүү керек.

Кабыл алынган чечим алкагында Финансы министрлигине «Улуу көчмөндөр мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» ачык акционердик коомун жоюусу жана жоюу боюнча комиссияны түзүүсү тапшырылды.

Жоюу боюнча комиссия эки айлык мөөнөттө «Улуу көчмөндөр мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» ААКсын жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүсү тийиш.

“Улуу көчмөндөрдүн мурасын” жоюуга 700 млн сом жумшалат

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>