Ошто 67 эски автобус жана троллейбус жок кылынды  

Ошто 67 эски автобус жана троллейбус жок кылынды  

Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасы 67 даана эскирген атайын техникаларды эсептен чыгарууда. Транспорттун бир бөлүгү буга чейин утилдештирген. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мэр Бакытбек Жетигенов Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасында болуп, ал жердеги техникалык жактан эскирген, иштен чыккан автобустарды жана троллейбустарды эсептен чыгаруу жана утилдештирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.

“Ишкананын балансында турган 67ге жакын пайдаланылбай турган техникалар эсептен чыгарылууда”, — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>