Бишкекте акы төлөнүүчү электрондук унаа токтотуучу жай ишке кирди

Бишкекте акы төлөнүүчү электрондук унаа токтотуучу жай ишке кирди

Бишкек шаарында акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайдын электрондук системасы пилоттук режимде ишке киргизилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, мэриянын жанындагы биринчи электрондук унаа токтотуучу жай россиялык IT-иштеп чыгуучу Sitronics Group тарабынан Кыргызстандын борборунда акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайларды киргизүү боюнча пилоттук долбоордун алкагында жабдылды.

Белгилей кетсек, аппараттык-программалык комплекс видеоаналитика технологиясын колдонуу менен автоунаанын мамлекеттик номурунун, токтоп турган убактысын жана токтотуу жайын  пайдалангандыгы үчүн төлөө мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.

Долбоор россиялык IT чечимин апробациялоонун алкагында эксперименталдык режимде ишке ашырылууда. Долбоордогу төлөм оператору болуп республикалык мамлекеттик MegaPay кызматы саналат.

Белгилей кетсек, унаа токтотуучу жайга киргенде камера автоматтык түрдө мамлекеттик номерди каттап, унаа токтотуучу жайдын эсеби ачылат  жана чыгууда эсеп жабылат.

Унаа токтотуучу жайга төлөө үчүн:

— MegaPay тиркемесин жүктөп же жаңыртышыңыз керек;
— “Кызматтар” бөлүмүн ачып, “Бишкек муниципалдык унаа токтотуу жайлары” тандаңыз же маалымат тактасындагы QR кодун сканерлеңиз;
— унаанын мамлекеттик номерин киргизүү  (мисалы, 01555MGP);
— төлөө үчүн унаа токтотуу жайындагы эсепти тандаңыз;
— төлөмдү ырастоо.

Мындан тышкары, экинчи төлөм ыкмасы бар:

— https://parking.kg/login сайтына кирүү керек;
— биринчи жолу киргенде катталыңыз;
— мамлекеттик номерди көрсөтүү жана сиз үчүн ыңгайлуу ыкма менен төлөө.

Эсеп аяктагандан кийин 15 күндүн ичинде төлөөгө болот. Кечиктирилген учурда административдик айып салынат. Эгер акы төлөнүүчү паркинг бир нече жолу колдонулган болсо, анда бир же бир нече жолу жеңил төлөө үчүн бардык эсептерди  көрүүгө болот.

Эми Киев— Тыныстанов — Михаил Фрунзе — Турусбеков аянттары ушундай унаа токтотуучу жайлар менен жабдылат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>