Ошто айдап качкан унааны сатып жаткан жаран кармалды — сүрөт

Ошто айдап качкан унааны сатып жаткан жаран кармалды — сүрөт

Ош шаарында унаа айдап качкан жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 4-октябрда Ош ШИИБге 1969-жылы туулган С.М. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган, анда белгисиз адамдар саат 23:00 чамасында Ош шаарындагы Ленин атындагы мектептин жанында токтоп турган Chevrolet Lanos унаасын уурдап кеткен деп кайрылган.

Ошол эле күнү, Ош ШИИБ тарабынан каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тиешелүү кызматкерлер бир катар тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүшүп, анын натыйжасында Кара-Суу районунун айылында уурдалган унааны сатуу учурунда мурда соттолгон (уурулук үчүн) 1990-жылы туулган Б.И. аттуу жаран кармалган. Жеке текшерүү учурунда Б.И. жарандын чөнтөгүнөн буюмдук далил катары жогоруда көрсөтүлгөн унаанын ачкычы жана сатууга алдын ала алынган 10 миң сом табылган.

Учурда кармалган жаран мурда жасалган кылмыштарга карата аныктоо боюнча зарыл тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Кармалган жаран ЖПКнын 98-беренесинин негизинде Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>