Суваналиев: Жээнбеков менен сөгүшкөнгө чейин барганбыз

Суваналиев: Жээнбеков менен сөгүшкөнгө чейин барганбыз

2020-жылы шайлоого чейин мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен сөгүшкөнгө чейин баргам. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев билдирди.

Суваналиевдин айтымында, ал шайлоого чейин Жээнбеков менен сүйлөшүп, шайлоону таза өткөрүү керектигин эскерткен.

«Ал менен иш бөлмөсүндө сүйлөшкөнбүз. Күбөлөр бар. Сөгүшкөнгө чейин барганбыз. Эми муну ачык айта берсем болот. Сооронбайга (Жээнбековго – ред.) аягың жаман бүтөт, аларды колдобо (акчалуу партияларды – ред.) деп айткам. Укпай койду. «Кудай урсун, Матраимовдордон (акча – ред. ) алган эмесмин», — деген», — деди ал.

Эскерте кетсек, 2020-жылы 4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп, анда «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары утуп чыккан. Бирок 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына каршы болгон эл митингге чыгып, анын аягы төңкөрүш менен аяктаган. Төңкөрүштөн кийин бийликке Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдер келген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>