Сокулукта балдарын сатууга шектелген келиндин иши иликтенүүдө

Сокулукта балдарын сатууга шектелген келиндин иши иликтенүүдө

Сокулук районунда эненин балдарын сатуу фактысы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аялы Д.Н балдарын көрсөтпөй жаткандыгы тууралуу, атасы А.А арыз менен кайрылган. Тергөө учурунда жубайлар төрт балалуу болгондугу аныкталды.

«Учурда тергөө иштери жүрүп, балдар өткөрүлүп берилген адамдар табылды. Ар бир бала боюнча өзүнчө иш-чаралар жүргүзүлөт, ошондой эле бул балдар үчүн социалдык коргоо органдары тарабынан мыйзамдарда белгиленген тартипте мындан аркы жашоо-турмушун уюштуруу жана мыйзамдуу өкүлүн аныктоо боюнча чаралар көрүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин милиция Сокулук районунда жаш келин үч баласын сатып жиберген деп шектелип кармалганын билдирген.

Териштирүү учурунда 2001-жылы туулган жаш келин (Д.Н.) 2021-жылы төрөгөн кызын Чүйдүн Москва районунун тургунуна (аял киши), 2022-жылы төрөгөн уулун К. аттуу жаранга жана 2023-жылы төрөгөн кызын М. аттуу аялга сатып жибергени аныкталган.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси (бала сатуу) беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>