Ошто дүкөндөгү терминалдан 85 миң уурдаган шектүү Бишкектен кармалды

Ошто дүкөндөгү терминалдан 85 миң уурдаган шектүү Бишкектен кармалды

Оштун Кара-Суу районунда терминалдан акча уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, былтыр 30-ноябрга караган түнү белгисиз адамдар Отуз-Адыр айыл аймагында дүкөндүн дубалын бузуп кирип, анын ичиндеги товарларды жана терминалдан 85 миң сомду уурдап кеткен. Бул окуя боюнча дүкөндүн ээси милицияга кайрылган.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 36 жаштагы А.Н. аттуу жаран Бишкекте жашынып жүргөн жеринен кармалган. Ал камакка алынган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү дагы 2 шериги бар экени жана алар Чүйдүн Сокулук районундагы башка уурулук фактылары боюнча кармалганы аныкталган.

Милициядан билдиришкендей, аталган шектүүлөр Отуз-Адырдагы 2 дүкөнгө кирип, терминалдарды бузуп, алардагы акчаларды алып кетишкен. Ошондой эле алар кылмышын жашыруу үчүн дүкөндөрдөгү видеобайкоо камералардын маалымат сактаган дискин чыгарып алып, аны сууга ыргытып жиберген.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

 

Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>