Ошто «Эмаком» компаниясы 12 кабат үйүн бузууга милдеттендирилди

Ошто «Эмаком» компаниясы 12 кабат үйүн бузууга милдеттендирилди

Ош шаарында сот «Эмаком» курулуш компаниясын 12 кабат кылып салып жаткан үйүн бузууну милдеттендирген. Бул тууралуу Reporter.kg’ге шаардык соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Оштогу башкармалыгы «Эмаком» курулуш компаниясы «А.Маматсаков көчөсү 226» дарегинде мыйзамсыз куруп жаткан 12 кабат үйдү мажбурлоо иретинде өз эсебинен буздуруу тууралуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Сот 31-майда ишти карап чыгып, аталган башкармалыктын өтүнүчүн канааттандырган.

Соттун чечими боюнча «Эмаком» курулуш компаниясы мыйзамсыз тургузулган деп табылган 12 кабат үйдү өз эсебинен бузууга милдеттендирилген.

Бирок компания шаардык соттун чечими менен макул болбой, 18-июлда апелляциялык даттануунун мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө арыз жана апелляциялык даттануу менен Ош облустук сотуна кайрылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Ош сот

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>