Президент дипломаттардын негизги милдеттерин белгиледи

Президент дипломаттардын негизги милдеттерин белгиледи

Кыргызстандын дипломатиялык кызмат органдары жигердүү, прагматикалык ишмердиги өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн чечимдерди кабыл алууда жана тең салмактуу тышкы саясат жүргүзүүдө ийгиликтерди алып келүүдө. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун дипломатиялык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктоосунда айтылат.

Ал  32 жылда дипломатиялык кызматтын ролу жөн гана артпастан, ал өлкөбүздүн тышкы саясат мекемесинин ар бир кызматкеринин кошкон зор салымынан жана ишине берилгендигинен улам, артыкчылыктуу багытка айланганын айтат.

“Дүйнөдө жүрүп жаткан геосаясий жана аскердик-саясий процесстер эл аралык коопсуздукка, туруктуулукка келтирген глобалдык коркунучтар менен чакырыктарды күчөттү, дүйнөлүк экономиканын көйгөйлөрүн кескин курчутту”, — дейт президент.

Садыр Жапаровдун айтымында, дипломаттардын кесипкөйлүгү, өз ишине берилгендиги жана мекенчилдиги – бул улуттук кызыкчылыктарды коргоонун, улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун жана тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыттарды ишке ашыруунун негизи.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>