Дарыгерлердин айынан төрт айда 16 бала каза болду, — депутат (видео)

Дарыгерлердин айынан төрт айда 16 бала каза болду, — депутат (видео)

Бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльдар Сулайманов балдардын өлүмү боюнча маселе көтөрдү.

Анын айтымында, Бишкек шаарындагы балдардын клиникалык ооруканасындагы акыркы үч жылдык көрсөткүчкө ылайык, ар кандай оорулардын кесепетинен 2021-жылы 55 бала, 2022-жылы 53 бала, 2023-жылдын төрт айында 16 бала каза болгон.

“Дарыгерлер туура эмес диагноз коюп жатышат.  Мындан улам дарылоонун протоколу дагы туура эмес болуп жатат. Чарчап калган балдардын ата-энелери дарыгерлердин күнөөсү болуп жатканын айтып кайрылышууда. Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине тапшырма берилип, текшерүүгө алынышы керек”, —  деп депутат президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.

Ошондой эле, депутат саламаттыкты сактоо тармагындагы кадр маселесине токтолду.

“Бишкектеги бир үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси мурда соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мурунку мүчөсү экен. Ошондой адамдар кантип мекемени башкарат? Фамилиясын алмаштырып алса эле, иштей берсе болобу?”, — деп суроо салды эл өкүлү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>