Ошто куралдуу кол салуудан эки милиция кызматкери жарадар болду

Ошто куралдуу кол салуудан эки милиция кызматкери жарадар болду

Ошто куралдуу кол салуудан эки милиция кызматкери жарадар болду. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда,  окуя бүгүн, 13-январда түнкү саат 01:00дөр чамасында Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылында орун алган. Анда жашы жете электер менен иштешүү боюнча инспекциясынын инспектору, кенже лейтенант С.Б.  автоунаасында отурганда сырттан белгисиз адам ага карата 16 калибрдеги кош найлуу ок атуучу куралдан ок чыгарган. Кенже лейтенанттын далысына  7-8 чачма октору тийген. 

Аталган кылмышкер ошондой эле окуя болгон жерге чакыруу менен барган ыкчам- тергөө тобунун мүчөлөрүнө да кол салган. Тергөөчү Д. К. автоунаадан түшүп жатканда далысына аткан. Тергөөчү табелдик куралын алып чыгып, кылмышкерге карата ок чыгарганда ал из жашырып кеткен окуя болгон жерден. 

Эки милиция кызматкери тең, ооруканага жеткирилип, учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө. 

Ал эми окуя боюнча кылмыш иши козголуп, Кара-Кулжа районуна “Перехват” операциясы киргизилип, райондун кире беришине жана чыга беришине посттор коюлган.

Учурда, сотко чейнки өндүрүш боюнча тергөө амалдары жана шектүү атуулду аныктап, кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>