Ошто кармоо учурунда кылмыштуу топ милицияга каршылык көрсөткөн

Ошто кармоо учурунда кылмыштуу топ милицияга каршылык көрсөткөн

Ош шаарында 16-майга караган түнү мыйзамсыз курал алып жүргөн 3 жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош шаарынын батыш тарабындагы жол айлампасында мыйзамсыз курал алып жүрүүгө шектелген кылмыштуу топтун мүчөлөрү бара жаткан «Мерседес-Бенц» унаасы токтотулган. Кармоо учурунда аталган топ милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, качууга аракет жасашкан.

Натыйжада милиция унаада бара жаткан Жалал-Абад облусунун 27 жаштагы Т.Ө. уулу, Ош облусунун 30 жаштагы Э. А. уулу жана 29 жаштагы Ш.Т. аттуу тургундарын кармаган. Алардан АКСУ-74У үлгүсүндөгү автомат (магазининде 4 огу бар болгон), 1 даана тапанча (магазинде 3 огу бар) табылып алынган.

Кармалгандар милиция бөлүмүнө жеткирилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

«Кармалгандардын баары мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган жарандар», — деп билдиришти милициядан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>