Ошто ооруканада жаңы жылдык кече өтүп, жол кырсыгына кабылган жарандар коридордо күтүшкөн

Ошто ооруканада жаңы жылдык кече өтүп, жол кырсыгына кабылган жарандар коридордо күтүшкөн

Ош облустук оорукананын жамааты кечээ жаңы жылдык кечээ өткөрүп, бейтаптарды коридордо күттүрүштү. Бул тууралуу өзүнүн Instagram баракчасына блогер Аружан Бекешева жазды.

Аны «Тез жардам» унаасы менен Баткенден Ошко жеткиришкен. Бирок облустук клиникада дароо кабыл албай, рентгенге дагы түшүрүшкөн эмес.

«Достор Ош облустук оорукананын коридорунда жатам, себеби бүгүн корпаратив экен. Рентгенге дагы ушуга байланыштуу түшүрбөйбүз дешти. Эми биз кантип булардын майрамдык кечесин буза алмак элек», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Аружан Бекешева жолдошу Арген Асанов менен бирге 25-декабрда Баткенде жол кырсыгына кабылган. Блогерлер бара жаткан Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдон чыгып кеткен. Аружан Бекешеванын мойну жана омурткасы сынганы кабарланган.

Блогер Аружан Бекешеванын билдирүүсүнөн кийин Ош облустук ооруканасы түшүндүрмө берди.

Оштогу оорукана блогер Аружан Бекешеванын билдирүүсү боюнча түшүндүрмө берди (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>